БУУнун өкүлү Айзаданын окуясын коомдун трагедиясы деп баалады

Баткен облусунун башчысы менен БУУнун өкүлү Айзаданын окуясын коомдун трагедиясы деп баалашты.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, БУУнун аялдар түзүмүнүн Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугуп, 7-апрелде ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясын талкуулашты.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыз ала качуу бул салт эмес - ал кылмыш, зомбулук деген пикирин айткан Суваналиев: "адам уурдоо менен мажбурлап никеге туруу деген бул жапайычылык. Мындай зордук-зомбулукка чыдабаган кыздарыбыздын окуясы, өлүм менен аяктаганы аябай өкүнүчтүү.

Мындай каргашалуу окуялардын кайталанышына жол бербөө боюнча биз алдыда чукул кадамдарга барышыбыз учур талабы. Ошондуктан биз укук коргоо, жергиликтүү бийлик органдары эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алып жатабыз", - деген.

Улзийсурен Жамсран айым өз сөзүндө БУУнун аялдар түзүмү Айзада Канатбекованын жана Бурулай Турдалы кызынын каргашалуу окуясына байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн жана коомчулугунун аялдарга карата зордук- зомбулукту жоюу аракетин толугу менен колдоого даяр экендигин билдирген.

Тараптар жолугушууда аялдардын коомдогу орду, алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн абалы боюнча пикир алышып, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө гендердик теңчиликти камсыздоо, светтик өлкө катары, аялдардын активдүү жашоо образын калыптандыруу боюнча демилгелерди ишке ашыруу багыттарын талкуулашкан.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер да реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн.

8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилген. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалды.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан