Биз социалдык тармакта

СУРАМЖЫЛООнун жыйынтыгы: Коронавируска каршы эмдөө алууну каалабагандардын саны көп экени белгилүү болду

SUPER.KG порталы бир апта мурун "А сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?" аталышындагы сурамжылоо жүргүзүүнү баштаган. Сурамжылоонун жыйынтыгында:

"Ооба" - 7,9 пайыз;

"Жок" - 72, 3 пайыз;

"Вакцина, эмдөө тууралуу маалыматым жетишсиз" - 19,8 пайыз адам добуш берген.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген. Учурда эмдөө иштери Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөн. Алгач медицина кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жана укук коргоо, коопсуздук кызматкерлери өтөт.

Ал эми президент Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган. Ошол себептен дарыгерлердин кеңеши боюнча эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок экендиги маалымдалган. Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун азырынча эмдөө албай тургандыгын өкмөттөн кабарлашкан болчу.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2021-04-12 20:35:43
Ким ишенет эмдөөдөн өткөндөр өздөрү өлүп жатса?
+2
Agayu
2021-04-12 21:08:25
Адам зат эч качан туура суйлобойт .Созу менен иши эч дал келбейт. Адам баласы ушундай. Сурамжылоодо эмне смортфондун кнопкасын басып : жэ микрафонго жок жэ ооба деп кое берет да .
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан