Биз социалдык тармакта

Улукбек Мариповдун азырынча эмдөө албаганынын себеби айтылды

Премьер-министр Улукбек Марипов азырынча эмдөө албайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Өкмөттүн маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдирген маалыматына ылайык, Марипов алгачкылардан болуп коронавирусту жуктуруп алуу ыктымалдуулугу бар жарандар эмдөө алуусун туура деп эсептейт.

Премьер-министрдин пикиринде, артыкчылыктуу тартипте эмдөөнү тобокелдик зонасына киргендер – медицина кызматкерлери, аскер кызматкерлери, мугалимдер алышы шарт.

"Премьер-министр өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле эмдөө алууну маанилүү деп эсептейт. Бирок ал азырынча эмдөө албайт. Анткени эмдөө алуунун этаптары бар. Биринчи этаптан мугалимдер, медицина кызматкерлери өтөт. Аталган этаптардан жарандар эмдөө алып бүткөндөн кийин гана өкмөт башчы эмдөө алууга жол ачылат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kattaldym
2021-04-05 18:59:21
Айлык жөнүндө ушинтип калсаңар кана.
Жогорку айлыкты тобокелдик зонасына киргендер – медицина кызматкерлери, аскер кызматкерлери, мугалимдер алышы шарт деп
+14
sainazarov0555
2021-04-05 19:10:40
Kattaldym,:)))
+4
Noon
2021-04-05 19:50:29
Ооба алар олушпосо алат
+1
Guli-85
2021-04-05 20:17:11
Биринчи болуп мугалимдер өлсүн экен да, мугалимдер вакцина алабыз деп кырылып калса келечек муундарды ким тарбиялап чыгарат.Министр, депутаттар биринчи болуп алып көрсүн, алар өлбөсө анан мугалим, дарыгерлер алышат вакцинаны. Депутат, министрлер кырылып аларды кайрадан жаңылап шайлап алабыз
+3
zam81
2021-04-05 20:36:17
Сагызган сактыгынан эмес суктугунан олот
+2
amirrus
2021-04-05 21:32:43
Туу олгон экенсинер,улгу катары силер албасанар эч Ким албайт го,жаны Ширин Эме го бул да...
+1
zilish_kg
2021-04-05 23:08:52
Биринчи ак үйдөгү чоңдор баары тегиз алыш керек вакцинаны, элдин тагдырын жоопкерчиликке алып жогорку кызматта олтурушат.
+1
Janibek1970
2021-04-06 00:07:41
120 депутат. Ичип жегич чиновниктер алышсын биринчи. Алардан кийин карапайым калк алайлы
+1
supish2017
2021-04-06 07:35:11
Буларын алган кундо деле эл козуно жон гана витамин сайдырып коюшат.
Билип эле турушат бардыгы кытайдыкы мусор экенине..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан