"Үйдө жалгыз" кинокомедиясы аркылуу атактуу болгон актёр Маколей Калкин алгачкы ирет ата макамын алды

"Үйдө жалгыз" кинокомедиясында Кевиндин ролу аркылуу атактуулукту багындырган америкалык актёр Маколей Калкин ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актёр Маколей Калкин сүйүктүүсү Бренда Сонг экөө 5-апрель күнү уулдуу болушкан. Уулуна актёр 2008-жылы жол кырсыгынан каза болгон эжесинин ысымын ыйгарган.

Жубайлар уулунун жарык дүйнөгө келишин сүйүнчүлөп "Кубанычка бөлөнүп жатабыз" деген билдирүүсүн калтырышкан. Актёр сүйүктүүсү Бренда менен 4 жылдан ашуун убакыттан бери мамиле куруп келген.
Маколей Калкин учурда 40 жашта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан