Биз социалдык тармакта

Талас дарыясына түшүп кеткен 2 жашар бала 3 күндөн бери табыла элек

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында 2 жашар бала үч күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Аны издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери, айыл тургундары тартылганы менен натыйжасыз болууда. ӨКМнын басма сөз кызматынан издөө иштери бүгүн, 15-апрелде дагы улантыларын кабарлашты.

Эске салсак, 12-апрель күнү 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу бала үйдүн короосунда ойноп жатып, белгисиз себептер менен дайынсыз болуп кеткен. Издөө иштерине 19 куткаруучу, ИИМден 80 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 100 адам тартылганы кабарланган. Кийинчерээк ал Талас дарыясына түшүп кеткенин куткаруучулар министрлигинен маалымдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан