Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында 2 жашар бала дайынсыз болуп изделип жаткан. Буга чейинки издөө иштери натыйжасыз болуп, издөө бүгүн дагы улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"12-апрель күнү саат 17:00 чамасында Өзгөрүш айылында 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов Талас дарыясына чөгүп кеткен. Издөө иштерине жалпы 41 куткаруучу, 4 милиция кызматкери, жергилүктүү тургундардан 40 адам тартылып, саат 20:50дө убактылуу токтотулган. 14-апрель күнү издөө иштери улантылат", - дешти мекемеден.
Ал эми Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан 2 жаштагы Рамзан Айткулов Кара-Суу суусуна жакын жашай турганын билдирди. Тагыраагы, бала жашаган үй Талас дарыясына куйган Кара-Суу суусуна жакын.