Талас дарыясына түшүп кеткен 2 жаштагы баланы издөө иштерин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 12-апрель күнү 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу бала үйдүн короосунда ойноп жатып, белгисиз себептер менен дайынсыз болуп кеткен. Издөө иштерине 19 куткаруучу, ИИМден 80 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 100 адам тартылганы кабарланган. Кийинчерээк ал Талас дарыясына түшүп кеткенин куткаруучулар министрлигинен маалымдашты.