Биз социалдык тармакта

Таласта дарыяга түшүп кеткен 2 жаштагы Рамзан Айткуловду издөө иштери Киров суу сактагычында жүргүзүлүүдө

Талас дарыясына түшүп кеткен 2 жаштагы Рамзан Айткуловду издөө иштери дагы деле улантылууда. Бүгүн, 16-апрелде издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, 16 куткаруучу, 50 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылды. Андан тышкары 2 даана атайын техника жана бир даана кайык менен Киров суу сактагычында издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, 12-апрель күнү 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу бала үйдүн короосунда ойноп жатып, белгисиз себептер менен дайынсыз болуп кеткен. Издөө иштерине 19 куткаруучу, ИИМден 80 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 100 адам тартылганы кабарланган. Кийинчерээк ал Талас дарыясына түшүп кеткенин куткаруучулар министрлигинен маалымдашты.

Рамзан Айткуловду издөө иштерин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков көзөмөлгө алды.
Талас ОИИБи жогорудагы бала тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо милицияга кабарлап коюуңуздарды суранат.
Байланыш номерлери: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-04-17 05:15:09
Ии балапаным табылып кал[moderated] эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан