"Табып Хашим Зайналиевдин резонанс жараткан окуясы сабак болбогону өкүнүчтүү”. Уу коргошун тууралуу адис менен маек

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров өлкөнүн дарыгерлери коронавирусту эффективдүү дарылоонун жолун тапканын билдирди.
"Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. Ал дары тууралуу видедон көрсөңүз болот", - деп жазды президент социалдык тармактагы баракчасына.

Постко тиркелген видеодо адамдар тунук затты бөтөлкөгө куюшат. Бөтөлкө этикеткаларында "Ысык-Көлдүн тамыры" деп жазылып турганын көрүүгө болот.

Бул видео жана билдирүү коомчулуктун кызыгуусун жаратып, талкууга алына баштады. Көпчүлүгү социалдык тармактагы баракчасына бул суусундукту ичүүгө болбой турганын, аны колдонуу өтө кооптуу экенин жазып чыгышты.

Талкуу жаратып жаткан уу коргошунду колдонуу жолу, кантип үчүү керектигин кечээ, 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып, атүгүл ал тундурманы журналисттерге көрсөтүп ичти.

Айтымында, алар бул ичимдикти колдонуп 300 коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган жана аны колдонуу айтылып жаткандай кооптуу эмес.

Маалымат жыйындан кийин талкуу кайра күч алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин окутуучусу, медицина илимдеринин доктору, профессор Аида Зурдинова бул пикирлерге үн катпай коё албастыгын айтып чыкты. Алгач ал социалдык тармактагы баракчасына абалы начар бейтап уу коргошунду колдонгондуктан бейтапканага түшкөнүн жазды.

Мындан улам SUPER.KG порталы адис менен бул теманын тегерегинде маектешти. Айтымында, дүйнөдөгү бир дагы сунуштамада чөп дарылар коронавирусту дарылоого кепилдик эмес. Ал бул маалымат чыгары менен уу коргошун тууралуу болушунча маалыматтарды топтогон.

- Аида Аширалиевна, уу коргошун тууралуу социалдык тармакта ачык пикириңизди билдирип жатасыз. Айтсаңыз, уу коргошунду колдонуунун кооптуулугу тууралуу эмнелерди айта аласыз.

- Уу коргошун өсүмдүгү уу чөптөрдүн катарына кирет. Ошондуктан тундурманы жөндөн-жөн, колдонуу жолдорун билбей туруп эле ичүү өтө опурталдуу. Албетте, ал тундурманы даярдоо үчүн атайын билимдүү адис болуш керек. Мен бул маалыматты угар замат уу коргошун тууралуу дагы да тереңдеп билүү максатында бүт маалыматтарды карап чыктым. Андан бул өсүмдүктү медициналык жактан колдонууга тыюу салына турганы тууралуу билдим. Албетте, буга чейин элдик медицина деп колдонуп келишкендир, бирок эл оңой эле бул тундурманы колдонбошу керек.

- Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин пикирин талкуулагандар көп болууда. Алардын катарында сиз да барсыз. Адис катары Бейшеналиевдин айткандарына кандай комментарий берет элеңиз.

- Мен министрдин сөзүн угуп таң калдым. Ал маалымат жыйын өткөргөндөн кийин көптөгөн дарыгерлер "бул эмне деген, президентке кат жазуу керек" деп чалып, тынчсызданып жатышты. Албетте, ал өсүмдүк, бирок аны дары катары колдонулуш керек экендиги айтылып жатат. Бирок көпчүлүгү чөп болсо эле зыяны жок деп ойлошот экен. Андай эмес, өсүмдүктүн зыян жактары көп. Ооба, мен да түшүнүп жатам, айылда көп табыптар бар. Бирок ал тармакты атайын окуп, билим алгандар бизде жок да. Бизге салыштырмалуу чет өлкөдө чөптөрдү даярдоочу врачтарды "травник" деп коюшат.

Алар атайын чөптөрдү изилдөө үчүн 6 жыл окуп билим алышат. Дары катары колдонула турган чөптүн химиялык курамын, көп параметрлерин изилдеп чыгышат. Ошондуктан биринчи президент айтса эле министр аны ээрчип кетпеши керек болчу. Анткени президенттин медицина тармагында билими жок, ал билбейт. Ал эми министр специалист болуп жатпайбы. Ал "бул тундурманы адамдар арасында массалык колдонууга атайын юридикалык баа бар, илимий жактан карайлы, изилдөө өткөрөлү" деп президентке түшүндүрүш керек болчу. Албетте, бул жерде нормалар бузулуп жатат. Ал президентке бул тууралуу түшүндүрө албаса, атайын билген адистерди чакырып, алардын пикирин угушу керек эле. Ал адис катары президентти ынандырышы керек болчу.

Министр өзү чоң бир министрликтин башчысы болуп туруп туура эмес маалымат берип жатат. Демек, анын президентке туура маалымат бергенине кепилдик жок. Мейли боло берет деген кайдыгерлик медицинага тиешелүү эмес.

Бул бир жагынан табыпчылыкты элге таңылоо да болуп калып жатат. Буга чейин бул тууралуу көп ызы-чуу болуп келди. Бизде бул тармакта мыйзам болсо дагы бир жөн. Биздин мыйзамда чөп менен дарылоо тууралуу мыйзам жок, эгер болсо тастыкталган документ жана адистик болуш керек. Мындан бир жыл мурун табып Хашим Зайналиев ушул эле уу коргошунду жана башка ар кандай чөптөрдү колдонуп, бейтаптарды дарылап коомго резонанс жараткан. Анын окуясы бизге сабак болбогону абдан өкүнүчтүү.

Мына ал окуя эми унутулганда кайра бул чыгып коомчулукту ырбатып жатат. Медицинада божомол болбойт, бирөөдөн угуп эле аны колдонуу такыр туура эмес. Медицина тактыкты талап кылат, илимий жактан тастыкталышы керек.

- Сиздин социалдык тармактагы постуңузду окуп калдым, бүгүнкү маектешүүгө да ошол жазган билдирүүңүз себеп десем болот. Анда уу коргошун колдонгон пациентти токсикологияга жеткиришкени тууралуу, эми буга ким жоопкерчилик ала турганы жана тастыкталбаган маалыматтын кесепетин айтып, жаздыңыз. Ушул тууралуу айтсаңыз, ал кандай бейтап, бул маалыматты кимден уктуңуз жана азыр ал адамдын абалынан маалыматыңыз барбы?

- Кечээ мага жеке куржунума кат келип түштү. Ал менин студентим, мурун "Тез жардам" кызматында иштеп жүргөн, бирок азыркы тапта иштебейт. Ошол жаш дарыгерге бейтап дарыланыптыр. Анан телефону ошол бейтапта бар экен, анан саат 2лерде ага чалып, жаман болуп жатканын, батыраак келип калуусун айтыптыр. Анан ал үйүндө болгон аптечканы көтөрүп алып, жардам берүү максатында чуркап барыптыр. Ал бейтап 43 жаштагы киши экен, анын жүрөгү кармап, дем ала албай энтигип жаткан экен. Анан аптечкада бөтөлкөдө суу турганын айтты.

Ал кандай суусундук экенин сураса, жанындагы адам уу коргошун деп жооп бериптир. Бейтап ошол уу коргошундан жарым стакан ичкен экен. Мен ага "ошол аптечкадагы суусундукту сүрөткө тартып алсаң болмок экен" деп айттым. "Тез жардам" кызматын чакырса келбептир, бирок бейтапты унаага салып токсикология мекемесине алып кетишкен экен, кийин ага чалса телефонду албай коюптур. Бирок бейтаптын абалы стабилдүү, жакшы экени тууралуу маалыматы бар экен. Мен бул маалыматты баракчама жазарым менен журналисттер токсикологияга чалышса, ал жак эч кандай бизге андай бейтап түшкөн эмес деп коюшуптур. Бирок ошол суусундукту ичкени, анын жардам бергени жана көргөнү анык болуп жатпайбы.

Албетте, азыр сен мага тийбе, мен сага тийбейм болгон заманда баары коркушат. Бирок медицина тармагындагы маселелерге кош көңүл карабаш керек. Анткени мындан кийинки боло турган кесепеттерди көйгөйдү жашырбай айтуу менен тосуп коё алабыз. Бирок жарандар аны түшүнбөй жатышат. Ооруну жашырсак өлүм ашкерелейт, ошондуктан баары ачык-айкын болгону жакшы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
modem4999
2021-04-17 12:28:37
Министр соройубуз жоопко тартылсын!!!
+11
TIMON_BERKOWITZ
2021-04-17 14:45:49
modem4999, эмне учун? Президентти колдогону учунбу? Демек президент дагы тартылыш керекпи? Анда Садырдын фанаттары атып кетпейби сени)))
+4
Jaka1978
2021-04-17 13:34:05
Ушундай кантип министр болсун,уят эле
+6
Mister-XXX
2021-04-17 15:25:15
Министр деле өзү ичип көпдү,үч жүзгө жакын адамды дарыладык деп жүрөт го...
+3
JYRT
2021-04-17 16:08:17
Мен таңгалам ушул пост жазгандарга силер жазсаңар эле бир нерсе өзгөрүп кете тургансып баардыгы алладан больница врачтардын колунан деле адам өлүп атпайбы эми бул уу коргошунду айтып жатышат буга чейин эле ооруларга каршы эмдеп эле ичип келгенбиз да же даары дармек өтпөй калат деп чоочулап атканына караганда бул эми ковидке деп эле ачыка чыгарыптыр ал өзү көп ооруларга даары туура колдонууну билиш керек аябай акылдуу болуп кетебиз да ккээде кыргызым колунан эч нерсе келбейт кыйын болуп койобуз.
+3
JYRT
2021-04-17 16:11:23
Ушуну деле резонанс кылып жиберебиз ичип жакшы болом дегендер иче берсин мен ичпейм дары эле колдоном десе өз эрки да ызычуу кылганда эмне элибизге пайдасы тийсе болду да андан артык эмне керек дагы
+1
Gulipa
2021-04-18 05:17:24
Сууну деле шыпаасын берсин деп ичсе шыпаа болот экен,ниетти түз кылайлы.Президент да миң ойлонуп,анан чыгарып жатат да,өзүнө ишенген үчүн.Өз мойнуна чоң жоопкерчиликти алып.Айтып жатышат го врачтын көзөмөлүндө ичесиңер деп.Өз алдынча ичип өлүп албай,врачка баргыла,көрүнгүлө.Медиктер вечно фармацевтикалык фирмалар менен иштешет.Анан сөзсүз каршы болот да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан