Бүгүн, 18-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун Кыргыз өлкөсүндө катталган коронавирус боюнча маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анын билдиришинче, учурда өлкөдө абал туруктуу жана кабатырланууга негиз жок. Мындан сырткары ал дүрбөлөңгө түшүргөн билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды. Айтымында, жалган маалыматтар көпчүлүктү жабыркатышы мүмкүн.