Таласта дагы бир дарыгерден коронавирус аныкталды. Өлкөдө инфекцияны жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 474кө жетти

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Алар:
• Бишкек шаарында – 5;
• Чүй облусунда – 1;
• Ош шаарында – 3;
• Ош облусунда – 1;
• Нарын облусунда – 3;
• Талас облусунда – 1.

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Республика боюнча жалпы 474 медициналык кызматкер илдетти жуктуруп алса, алардын ичинен 359у айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан