Египетте жүргүнчүлөрдү ташыган поезд кырсыкка кабылып, каза болгондордун саны 11ге, жаракат алгандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 18-апрелде орун алган. Поезд Мансур шаарынан борбор калаа Каир шаарына бара жаткан. Кальюбия провинциясына жеткенде рельстен чыгып кетип аңтарылып калган.
"Президент Абдель Фаттах ас-Сиси кырсыктын келип чыгышын тез арада иликтеп, жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүү тапшырмасын берди", - деп жазылат маалыматта.