Талас дарыясына чөгүп кеткен баланы издөө иштери бир аптадан бери уланууда. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген жок дешти ӨКМнын маалымат кызматынан.
Бүгүнкү күндө дарыяга түшүп кеткен 2 жаштагы Рамзан Айткуловду издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылды.
Эске салсак, 12-апрель күнү 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу бала үйдүн короосунда ойноп жатып, белгисиз себептер менен дайынсыз болуп кеткен. Издөө иштерине 19 куткаруучу, ИИМден 80 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 100 адам тартылганы кабарланган. Кийинчерээк ал Талас дарыясына түшүп кеткенин куткаруучулар министрлигинен маалымдашты. Издөө иштери Киров суу сактагычында да жүргүзүлгөн.