Бүгүн, 20-апрелге карата COVID-19 жана пневмония илдетине кабылган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы стационарларда 223 бош орун бар. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги берген маалыматка ылайык, бош орундар төмөнкү бейтапканаларда:

Улуттук хирургия борбору - 3;
Республикалык инфекциялык оорукана - 14;
№2 клиникалык төрөт үйү - 12;
Улуттук госпиталь - 39;
№6 шаардык клиникалык оорукана - 1;
Кардиология жана терапия улуттук борбору - 24;
Чүй облустук бириктирилген ооруканада - 25.
№1 шаардык клиникалык оорукана - 105.