Талас дарыясына чөгүп кеткен баланы издөө иштери дагы деле уланууда. Бүгүн, 21-апрелде кар жааганына карабай издөө иштери улантылып, ага 23 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, 12-апрель күнү 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу бала үйдүн короосунда ойноп жатып, белгисиз себептер менен дайынсыз болуп кеткен. Издөө иштерине 19 куткаруучу, ИИМден 80 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 100 адам тартылганы кабарланган. Кийинчерээк ал Талас дарыясына түшүп кеткенин куткаруучулар министрлигинен маалымдашты. Издөө иштери Киров суу сактагычында да жүргүзүлгөн.