Түркияда үч күнгө коменданттык саат киргизилет

Түркиянын ички иштер министрлиги "23-апрелге карата коменданттык саат киргизүү жөнүндө" буйрук чыгарды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул буйрук 23-апрель - Түркиянын эгемендик күнүнө жана балдар күнүнө карата кабыл алынган.

"Ага ылайык, Түрк жарандарына 22-апрель саат 19:00дөн тартып, 26-апрель саат 5:00гө чейин үйдөн чыгууга болбойт. Жарандарга саат 10:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта азык-түлүк алуу, дарыканага же ооруканага баруу үчүн гана сыртка бир маал чыгып келүүгө уруксат берилет. Ал эми 23-апрель майрам күнү боло турган иш-чаралар атайын кабыл алынган протоколдун негизинде гана жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан