Бул күн Китептин жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет. 23-апрель дүйнөлүк адабият үчүн символдук мааниси бар дата. Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайткан.
Мындан улам ЮНЕСКО уюмунун Башкы Конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Китептин жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөө шартын кабыл алынган.
Өкмөттүк токтомдо Китептин бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.
23-апрелге карата жылнаама.