Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 4 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгондордун ичинен 3 бейтап Бишкек шаарында катталса, бир бейтап Чүй облусунда катталган.
Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 582ге жетти.