Акыркы бир сутка ичинде Орусиянын 78 аймагынан 5 миң 236 адамдан коронавирус аныкталды. 547 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы 57 бейтап инфекциядан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган 5 миң 236 адамдын ичинен:
Москва шаарында 2 миң 548;
Москва облусунда 631;
Санкт-Петербург шаарында 294;
Рязань облусунда 76 адам жана калгандары башка аймактардан.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусиянын 85 аймагынан жалпы 57 миң 999 адамдан коронавирус аныкталды. 513 адам бул инфекциядан каза болсо, 4 миң 420 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.