Биз социалдык тармакта

Кемпир-Абад: Камчыбек Ташиев Өзгөн эли менен жолукту

Бүгүн, 25-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилиши боюнча түшүндүрмө берүүдө.

"Кемпир-Абад суу сактагычынын эсебинен биз Өзбекстандан 8 миң гектар жер алдык. Эмне үчүн аны алдык? Себеби Кемпир-Абадды куруу маалында Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүндө чоң келишим болгон. Ошол келишимдин бирөөсү Кемпир-Абаддын сол жагынан Өзбекстан канал куруп, биринчи 22 гектар, кийинки келишимде 8 миң гектар жерге суу чыгарып беришмек болгон. Бирок бул аткарылган эмес. Ушул талапты коюп биз аткартып жатабыз", - деди Ташиев.

Ташиевдин айтымында, өзбек тарап канал куруп берүүгө макул болгон. Бирок учурда каналдын кереги жок болгондугуна байланыштуу 8 миң гектар жер бере турган болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Urmat78
2021-04-25 13:30:17
Өзгөнгө эмне эле асылып алдыңар Ташиев Кемпирабадды өзбектерге берем десе.Бир замминистр Өзгөндү Жалал-Абад Баткенге каратып атса жоюп салайын деп атышат окшойт
-1
Baiaman997
2021-04-25 14:29:24
Urmat78,кемпир абад ошол бойдон калды озгондуктор озунорго эле буйрусун, жакшы кунунордо колдонуп урушпай талашпай жашагыла, Ахадан Мадумаровго привет
+2
Gulina90
2021-04-25 14:36:00
Baiaman997,ооба буюрсун,Озгонумо,Кр Бир карыш жерин бербеш кк озбектерге.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан