Биз социалдык тармакта

Көп кабаттуу үйлөрдүн короосун гүлгө толтуруп, сейил бакка айланткан Сагид Сулейманов мэрия тарабынан сыйланды

Бишкек шаарынын тургуну өзү жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна гүлдөрдү отургузуп, жыгачтардан өз колу менен отургучтарды, чымчык, тыйын чычкандарга уя жасап берген. Дал ошол 11-кичи районго 24-апрель күнү Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев барып, көрүп, өз баасын берип жана мунун баарын жасаган Сагид Сулеймановго мактоо сөздөрү, каалоо-тилектери жазылган грамота тапшырды.

Сагид Сулейманов 10 жыл мурун Бишкек шаарына көчүп келгенде бак-дарактардын сугарылбай, соолуп баратканын көрүп аларга арык казгандан бул иш башталган. Буга чейин таштанды жатып, каалаганы каалагандай басып өткөн жер азыркы тапта кошуналар биригип самоордон чай ичкен, шишкебек бышырып жеген, туулган күн, ооз ачуу, майрамдар өткөрүлгөн жерге айланган. SUPER.KG порталы ал жерге барып атайын репортаж даярдаган, көрүп сиз дагы суктанып алыңыз.

Бул сейил бак эмес, жөн гана көп кабаттуу үйдүн короосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mariolan
2021-04-26 11:34:55
Алла раазы болсун
+4
Aky12
2021-04-26 11:40:30
Ушундай адамдардан улгу алсак жакшы болмок,баарыбыз эле саясатчы болбой.., Бул адамга Аллах ыраазы болуп, уй булоосу мн бактылуу болсун
+4
Perfekt
2021-04-26 16:01:34
Башкаларда улгу алса. Ар кайсы жакка мусор ыргытбай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан