Биз социалдык тармакта

Академик Аскар Какеев каза болду

Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасына жазып кабарлады.

Министр анда Какеевдин каза болгонуна байланыштуу маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

"Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кездерде Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министри болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Какеев Аскар агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз!
Агайдын дүйнө салганын угуп кабыргабыз кайышып, кайгырып турабыз", - деп жазды Бейшеналиев.

Аскар Какеев 1935-жылы Чүй облусуна караштуу Кегети айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993).

1958-1960-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Бир катар илимий институттарда иштеген. 1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aselya_9105
2021-04-26 10:22:17
Жайы жаннаттан болсун. Аскар Акаев деп окуп алыпмын бир караганда. Аскар Акаевдин өмүрү узун болот окшойт ...
+4
Islam98
2021-04-26 23:09:58
Aselya_9105,мен да
0
Атасынын баласы
2021-04-26 10:29:54
Биз окуп жургон убакта университетте ректор эле, мыкты ректорлордун катарын толуктаган мыкты адис эле, жайы жаннатта, орду бейиште болсун!!! Ото кайгыруу менен кабыл алдым.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан