Ош шаарында Сулайман-Тоонун этегинде кызгалдактар гүлүн ачты. Бул сулуулукту сүрөтчү жана мугалим Зафер Динчер кадрга түшүрүп калган. Ал көз жоосун алган кооз сүрөттөрдү интернет желесиндеги баракчасына бөлүшүп, алыста жүргөндөрдүн, Сулайман-Тоону сагынгандардын аз да болсо тилегин аткарууга себепчи болду.
SUPER.KG порталы ажайып кооздукту окурмандарга сунуштайт.



Сулайман-Тоо — Ош шаарындагы ыйык тоо. 2009-жылдын июнь айында Дүйнөлүк Мурастардын тизмесине кирген биринчи мамлекеттеги эстелик. Сулайман-Тоосу Ош шаарынын так ортосунда, Ак-Буура суусунун сол жээгинен орун алган. Сулайман-Тоо – улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс. Кээ бирөөлөр тоону чөгүп жаткан төөгө окшоштурушат.