Бүгүн, 26-апрелде Ош шаарындагы Ош Технологиялык университетинин жамааты убактылуу ректор болуп дайындала турчу Пазылбек Түркпаевди кабыл албай, нааразычылык акция өткөрүштү. Жамаат Түркпаевди кабыл албай окуу жайдан кетирип жиберишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталы окуу жайдын мугалимдери менен байланышканда белгилүү болду.
Жаңы жетекчини министрликтин статс-катчысы бүгүн жамаатка тааныштырмак.
"Биздин окуу жайдагы жаңы келген кишинин ордундагы адамга буйрук чыгарбай, арыз жаздырбай иштеп жаткан жеринен эле жаңы жетекчини алып келишти. Буга жалпы жамаат нааразы болуп аны кетирип салышты", - деди окуу жайда окутуучу болуп иштеген Рамис Ыдырысов.