Инновациялык ишмердикти өнүктүрүү чөйрөсүндө демилгелерди колдоо жана инновацияларды илгерилетүү максатында уюштурулуп жаткан “Стартап Кыргызстан-2021” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
24-апрелде Кыргызпатент ишканасы “Стартап Кыргызстан-2021” сынагынын финалын өткөрдү.
Сынакка стартап жана бизнес жаатындагы улуттук жана эл аралык көз карандысыз, алдыңкы квалификациялуу эксперттер калыстык кылышкан. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы кабарлады.
"Тартип боюнча финалдык баскычка өткөн 11 стартапчынын ар бирине өз долбоорлорун презентациялоого 3 минуталык чек коюлду. Ал убакыттын ичинде ар бир команда долбоордун жаңычылдыгын, концепциясын, көйгөйлөрүн жана анын чечүү жолдору тууралуу баяндап өттү. Калыстар тобу кошумча толуктоочу суроолорду узатышып, ар бир стартап долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтуу менен профессионалдык баасын беришти", - деди маалымат катчы.
Калыстар тобунун чечими менен төмөнкү 8 стартап-долбоор 500 000 сомго чейинки грантка ээ болду:
Белгилей кетсек, Кыргызпатент тарабынан “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагы ушул жылы экинчи ирет өткөрүлүп жатат. 2020-жылы сынактын 4 жеңүүчүсү өз долбоорун ишке ашырууга 500 000 сомго чейинки грант алышкан.
“Стартап Кыргызстан 2021” республикалык сынагы 2020-жылдын август айында жарыяланган. 2021-жылдын 1-февралында өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктап, жалпы региондордон жалпысынын 276 өтүнмө келип түшкөн. Тандап алуудан кийин катышуучуларды окутууга максатталган акселерациялык программа жүргүзүлүп, 14-апрелде жыйынтыкталган. 19-апрелде өткөрүлгөн пре-финалдын жыйынтыгында сынактын финалынын катышуучулары аныкталды. Финалда 11 стартапчы ат салышат.