Биз социалдык тармакта

Чек ара чыры: Камчыбек Ташиев Ала-Бука эли менен жолугушат

Кечээ, 25-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилиши боюнча түшүндүрмө берген.

Андан көп өтпөй эле өздөрүнүн нааразычылыктарын Ала-Бука районунун чек арада жашаган тургундары билдирип, Ташиевге кайрылуу жолдошуп, келип түшүндүрүп кетүүнү суранышканын чагылдырган видео, маалыматтар интернетке жарыяланган. Ал эми бүгүн Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун чек арада жашаган тургундары менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу жергиликтүү тургун кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Гава-Сай айылында бүгүн саат 12-13.00 чамаларында башталат.

Жергиликтүүлөрдүн маалыматына ылайык, алар да чек ара маселеси боюнча Ташиевге нааразы пикирлерин айтышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан