Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры карантинге жабылды. Учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен убактылуу чектөө киргизилип, бардык иш-чаралардын убактысы жылдырылды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, профилактикалык иш үчүн карантин киргизилди. Жакында эле "Ак-Мөөр" спектакли, Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына карата иш-чара өтүп, көп эл келген. Мындан улам коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында убактылуу карантин киргизилди.