Бишкектеги "Ынтымак" сейил багына Ленинград блокадасынын 80 жылдыгына карата бак-дарак отургузулду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, сейил бакка 20 даана кызыл клён жана 20 даана лип дарагы отургузулду.
"Аталган иш-чарага Ленинград блокадасынын катышуучулары, студенттер жана окуучулар катышты. Иш-чарада курман болгондор эскерилди", - деп жазылат мекеменин маалыматында.