
Бүгүн, 27-апрелде Ош, Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Өзгөн районунун Жазы, Заргер, Чангет, Ийри-Суу, Жыланды, Төрт-Көл айыл өкмөттөрү;
* Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтү;
* Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кара-Кулжа айыл өкмөттөрү;
* Ош шаарынын Беш-Бадам, Он-Адыр массивдери, Бостон, Шамшад, Жупас, Беш-Капа, Правда, Мамажан көчөлөрү;
* Кызыл-Кыя шаарынын Спортивный, Кулатов, Хрипченко, Новый, Привокзальный, Комсомольский, 61-разъезд, Иродан, Механизаторский, Тынчтык, Кулатов, Тешик-Арык, Жаштык, Набережная көчөлөрү, Ак-Булак айылы.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.