Бүгүн, 26-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун агып киргени салыштырмалуу бир аз азайса, агып чыкканы бир аз көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 26-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 658 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 382 метр куб, агып чыгышы 336 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
23-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 648 миллион метр куб суу бар болчу.