Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын боюна тигилген боз үйлөр азыр алынбайт. Бул тууралуу суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине нааразы болгондор түз эфирде айтышты.
"Суу сактагычка тигилген боз үйлөр 28-апрелге чейин алынбайт. Биз 28ине чейин ушул жерде болобуз. Бул ыйык жерди Өзбекстан өзүбүздүн деңизибиз деп атап келген. Биз муну сактап калдык. Эми өзүбүздүн деңизибиз кылабыз", - деди активист.
Мындан тышкары Кемпир-Абаддын берилишине нааразы болуп чыккандар үч күн бою суу сактагычтын айланасын тазалоо акциясын жүргүзүшөрүн айтышты.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча малекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилбей тургандыгын айткан.