Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Колдогонго жараша аягына чейин колдогула. Мен жер каратпайм"

Бүгүн, 26-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп, суроолорго жооп берди. Анда президент шайлоодо 80 пайыз добуш алганын айтып, аягына чейин колдоону суранды.

"Элибиздин 80 пайызы колдоп, мени президент кылышты. Ошол эле мезгилде эңшерилген экономикасы менен өлкөнү колума тапшырды. Ошондуктан айтарым ишенген жаныңар аягына чейин ишенгиле. Ар бир ишенип добушун берген адамды мен жер каратпайм. Беш жылдан кийинби же он жылдан кийинби мен бирөөңөрдү дагы жер каратпаймын. Ар бир кабыл алган чечимибиз мамлекет үчүн, жеке кызыкчылыгым үчүн бир дагы нерсе жасабайм. Колдогонго жараша аягына чейин колдогула", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров электр энергиясы, казино жана экономика тууралуу суроолорго жооп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
Rifle_I
2021-04-27 00:39:38
Тажиктин бир дагы мөмө жемишин жебегиле. Акчабызды берип, кошумча жерибизди дагы берип койбой жалаң биздин товарларды алгыла.
+22
Rifle_I
2021-04-27 00:42:06
Жатып алып укмуш жашоону күткөн туугандарыбызга, силер да туруп аракет кылгыла. Президент келип көчөдөн мусор терип бербейт. Же президент келип арык ачып, же көчөт эгип бербейт. Ар кимибиз колдон келген ишти жасай беришибиз керек. Мамлекет кооз болсо туристтерди атртабыз. Ал менен кошо наличка акча кирет.
+11
Birimdik5555
2021-04-27 02:02:01
Rifle_I,эн туура
-4
Antiradikal3
2021-04-27 04:17:50
Birimdik5555, Дакансалар чыга калып "даканса колдойбуз" десенер эле Кыргызстан гулдоп онугуп кетеби, кана анда онугуп кеткени? 6 ай куткуло, результат болот деди эле, мына 6 ай отту, кана озгоруулор? Бийлик бааларды ооздуктаса керек десем, кайдан, кайра баалар кун санап осуп жатат. Акыркы алты айда эле инфляция 30-40%ке жетти окшойт. Башкаларда да баалар осуп жатат дейсинер, бирок башкаларда инфляция 5-10%, алды 15% годовой!
+10
Antiradikal3
2021-04-27 04:21:18
Жапаров олко башчысы болсо, ошого ылайык ой жугуртот деп ойлодум эле, тилекке каршы жанылыптырмын. Электр энергиясы боюнча сууну мен ичип алган жокмун, тарифтер которулбосо кризисте калабыз дейт. Эмне, тарифтер которулсо эле суу сактагычка суу коп кире баштайт бекен? Суунун аз же коп топтолушу тарифтен коз каранды бекен ыя? Мээси болсо эмнеге энергетика тармагын коррупциядан тазалабайт? Эмнеге ортомчу компанияларды жойбойт? Эмнеге ошол 124 миллиард сомдук карызды толотпойт?
+13
Jaraisyn
2021-04-27 04:45:23
Antiradikal3,чын эле көптү билет окшойсуң.
+7
Antiradikal3
2021-04-27 04:26:56
Эмнеге байлар жеген самсага карапайым эл акча толошу керек? Ошол 124 миллиард сом беле, айтор ошол карызды кимдер тузсо, пусть ошолорду толотсун!

Анан калса, энергетиканы ойлогон адам Озбекистанга барып 20 тез жардам машинесин кармата койсо эле сууларды орду менен, суу сактагычтары менен кармата коем деп соз бербеши керек эле Мирзиеевго. Ал тажиктердей конфронтацияга барбай эле, жаш баланы алдагандай алдап жолго салды силерди. А силер жерди, сууну берели деп отурасынар!
+12
ErkinOkenovich
2021-04-27 08:25:05
Antiradikal3,сен Садырдын жанында жүргөн окшойсуң Өзбекстанга барганда?анан ошондо айтпайт белең,эй Саке алданып жатасың деп.уйуно жатып алып эми сындабай.достор "сынчынын сыңар өтүгү майрык дейт"колуңардан келген ишти кылсаңар.билип билбей ар нерсеге мурдуңарды тыга бербей.
-7
portugalia
2021-04-27 09:30:49
Antiradikal3,Жапаровдун айласын кетирип жатышат да биздин коррупционер шакалдар.Жакшы ниет менен келген иштейт буюрса.
-6
Antiradikal3
2021-04-27 04:31:44
Мисалы чек ара маселесинде эмнеге аларга арендага берилген Совет-Абад менен Шахимарданды кайтаруу талабын койбодунар? Эмнеге Гавасай сыяктуу талаштуу жерлерди кайтаруунун ордуна аларга кармата койдунар? Эмнеге Кемпирабад, Орто-Токой, Керкидон суу сактагычтарын бере калалы деп чыктынар? Кана логика? Кана туура чечим? Стратегиялык обьект эмне экенин тушунбой, суу чыкпаган боз адырларга алмаша калалы дегенинер эмнеси? Ушундай кылып чек ара чечкиче чечпегиле, колунардан келбейт экен!
+13
Antiradikal3
2021-04-27 04:47:57
Президент бизге кочот тигип бербейт туура, президент деген элдин жашоосун жакшы нукка буруу учун чон иштерди жузого ашыра турган адам. Мындай оор заманда же бааларды ооздуктап же айлык-маяналарды которуп, элди бул оор кырдаалдан алып чыгуунун камын корушу керек эле. Болгон жок. Олко онугууго кадам ташташы учун Окмотко профессионал кадрлар келмш керек эле, бирок кайра эле клоун, тупойлорду топтоп алыптыр, мисалы ошол эле саламаттыкты сактоо жана энергетика министрлери.
+11
Antiradikal3
2021-04-27 04:52:21
Окмот онугуу учун коррупцияны жою керек эле. Тилекке каршы коррупция менен курошуу эмес, болгону шоу журуп жатат. Телефон, кой уурдагандар камалып жазасын отоп жатат. Ал эми миллиондогон доллар акча уурдагандар ошол уурдаган акчанын ондон бирин же бештен бирин казынага кайтарса, аны актап бошотуп жиберип жатышат. Бугун камаса эртен уй камагына чыгат, 1 жумадан кийин акталат. Шайлоодо акчаларды онго солго чачкан Раим болгону 59 миллион доллар (2 млрд сом) толоп акталып кетти.
+9
Antiradikal3
2021-04-27 04:56:44
Ар ким олко учун салым кошсо дейсин. Ансыз да баары оз арабасын озу тартып келет 30 жылдан бери. Окмот элди бакпай, эл Окмотту багып жатат. Мисалы чимкирик Жогорку Кенешке 3 айда 155 миллион сом кетиптир. Ошол элдин акчасы. Завод-фабрика ачалы дебестен казино ачалы деген чимкириктерге эмнеге айына 50-60 миллион сомдон акча коротуп багышыбыз керек? Президенттик, Окмоттук аппаратка демек миллиардлаган сомдор кетип жатса керек. Кайран гана акчалар, элдин бешене тери, коз жашынан куралган.
+10
Antiradikal3
2021-04-27 05:01:15
Жапаров элди ойлосо бугунку куну иштеп жаткан кен казган ишканалардын ишин токтотмок. Коррупция мына ушул жерде. Олкодогу коп алтын казган ишканалар казылган рудаларды олкодон чыгарып кетип жатат, рудадан алтынды бизде болбой. Ошол рудада канча алтын менен кумуш кеткенин билген адам жок. Ошол руда ташыган машинелерде ат башындай алтын кетсе да текшерген адам жок. Куудулдар айтмакчы чамалап эле алтын кетип жатат. Ошол рудадан 100 тонна таза алтын болуп алышса,отчетто 30 тонна алтын корсотулот
+11
Antiradikal3
2021-04-27 05:05:45
Жапаровдун ордунда болсом, мамлекеттин 1% улушу жок Жеруй кенин иштетууго уруксат бермек эмесмин. Олкодогу бут алтын-кумуш кендерин улутташтырып олко озу иштете турган кылмакмын. Мына, казынага кайдан акча тушурсо болот. Мына кайсы акча менен тышкы карыздарды жаап,кайсы акчага олкого завод-фабрикалар курса болот. Кайсы акчага ГЭС курса болот. Коррупция менен таза курошсо, 5 миллиард сом эмес, 5 миллиард доллар кустурса болот жегичтерден.
+12
Antiradikal3
2021-04-27 05:09:16
Мигранттарды ойлогон адам бир чимкирикти элчи кылып жонотпойт, Оруссияда олко кызыкчылыгын коргой ала турган мыкты дипломат, мигранттарыбызга жардам колун узата ала турган профессионалды жонотмок. Олконун эн чон инвестору Кумтор да, башкасы да эмес мигранттар. Ар жылы 2 миллиард доллардай акча которушат булар олкобузго, мына ошолордун акчасы экономикабызды айлантып иштетип жатат. Бирок тилекке каршы мигранттарга кам коруу создон ишке отпой келет.
+9
Antiradikal3
2021-04-27 05:23:40
Мен да куздо дакансалардын катарын толуктап "Жапаров!" деп кыйкырып жургомун, шайлоодо да ага добуш бердим. Копчулуктун катарында умут артып. Ошондо Садыр Жапаров Жеруйду орустарга карматаарын,6 айда баалар асман чапчыырын, завод-фабрика курабыз деп айткандын ордуна казинонун курулушун колдоймун деп айтаарын, Мирзиеевго алданып талаштуу жерлерди, арендага берилген жерлерди, Озбекистан оз билемдик менен басып алган жерлерди Озбекистанга калтырып,
+10
Antiradikal3
2021-04-27 05:27:47
эн маанилуу стратегиялык обьект - суу сактагычтарды Озбекистанга бере калалы деп айтаарын билгенимде миллион сунуштаса да колдомок эмесмин. Коррупция менен чындап курошпой шоу кылаарын билген эмесмин. Бийликке кайра эле эскилер келээрин билген эмесмин. Кыскасы, бул жолу да алдандык. 6 ай отту, дагы эле убакыт берели деп озубузду алдап журо берели. Олкону ондой турган бири 6 айда канча иш бутурсо болоорун элестете албайсынар. Мирзиеев ж.б. иштеп жатат. А биздикилер жок.
+12
Rifle_I
2021-04-27 08:00:39
Antiradikal3, өтө жашооңо нааразы болгон адам окшойсуң. Мадумаровдун жээни болосуңбу? Жакшы ниет кыла албасаң жлк дегенде чыйылдабай турчу. Буга чейин каякта элең? Атамбаев учурунда чыкпайт белең ? Же Жээнбеков эшектин тушоосун чече албай отурганда чыкпайт белең? 6 айда Швецария болуп кетет белек?
-8
Antiradikal3
2021-04-27 08:49:06
Rifle_I, байкуш ДАКАНСА. Чычылап Мадумаровчу дегенге оттунбу же Мадумаров тууралуу соз козгодумбу? Мурунку бийликтерди сындап жургондо сен журчусун санаганды уйронуп. Адашпасам врач белен?
+3
Shabi
2021-04-27 10:16:17
Antiradikal3,бул бийчи,зомби дакансалардын коздору даагеле ачыла элек го.
+2
Rifle_I
2021-04-27 08:02:35
Antiradikal3, любой өнүккөн өлкөдө налог чоң. Бизде тарифти көтөрүп койсо аңкылдап жатасың. Обновление, модернизация болуш керек. Ортомчу компанияларга да очередь келет, жоюлат. Ошондо эмне дейт болдуң экен?
Өтө эле акылдуу болсоң Жапаровдун жанына бар кеңешчи болуп.
-10
Rifle_I
2021-04-27 00:42:42
Үйдүн алдынан турист өтүп баратса чакырып сый көрсөтүп коноктоп койгула, бул аябай чоң реклама.
+6
Agayu
2021-04-27 02:55:14
Мен лично колдоймун : Себеби Садырдын тушунугу более современный. Орто кылымдагы тушунуктон чыккан онугунун козун билген президент .Журогу таза .Атым тарыхта калсын деген принциби бар.Биздин копчулугубуздун билимибиз илгерки бойдон жэ такыр жок .Вот ошондуктан биз Кедейбиз. Омур бою онуккон олколорго суктанып журуп олуп да кете беребиз .Акылынарды остургуло : бир тушунуко жэ бир нерсеге байланып калбагыла. Жашоо кен : жашоо сеники каалагандай Жаша. Тек гана рамкадан чыкпа .Мыйзамды сыйла .
-12
Azat-123
2021-04-27 03:55:00
Садыр Ава, бизден кабатыр албаңыз, максаттарыңызды бекем карманып жумушуңузду кыла бериңиз, эл көпчүлүгү сизди колдоп келгенбиз и дальше колдой беребиз
-12
Jaraisyn
2021-04-27 04:46:52
Azat-123, молодцы.
-12
mariolan
2021-04-27 04:26:34
жети облуска тең казино ачып бүжетти толтурам деген адамдын дэңгээлин көрүп туруп ыйлагың келет да, мурда колдогом ал эми азыр ал мага не кто, даканса колдойбергидей мал эмесмин
+17
Jaraisyn
2021-04-27 04:47:29
mariolan, оа сен колдобо, колдоп не кыласың.
-13
Dembele84
2021-04-27 06:11:33
Иштеген адамдын иши сразу эле билинет.А бул убакыт бергиле деп чоюп журот.Тормоз экенин кордук го дагы эмне кылыш керек
+8
shejol
2021-04-27 07:01:21
Ушул коментар..ди Садыр окубаса да жанында жүргөндөр көрүп окуп анан айтып койсо жакшы болот эле"щев элдин ишеничи азайып баратат,сизден көөп нерсени күткөн экен Грузиядагы га окшош реформаларды.."-деп.Озгочо Галина байтал.ек иштесенер боло,биздин эсебибизден айлык алып жаткандан кийин.
+10
Diyana
2021-04-27 08:18:53
Мурдагылар бир моонот иштеп айдалса, бул бир жыл да иштебей шерменде боломбу деп ойлонуп аткан окшойт. Озу эл карангы, ээрчиме болгону учун колдоду да. Тим эле"Садыр атоо" деп алайн дештиго, атанар келгенден бери баары аркага кеткени болбосо эч нерсе озгоргон жок. Ордун бошотсун андан коро, иштей турган адам билинмек уже. Чек арада кундо чыр, козголоюн дебейтко
+8
bond02
2021-04-27 09:06:35
Кой Саке сен бул кетиште Кыргызстанды аягына чейин сазга батырасын го.
+7
subhan80
2021-04-27 11:57:17
Арамды адалыраак дегенин эмнеси Чубак ажы болгондо олло сокмок сени
+4
Aybiyke
2021-04-27 12:23:18
Не а колдой албайм колдогон да эмесмин
+3
amirrus
2021-04-27 13:19:58
Сизди шайлаганыма окунуп калдым,ишеничти актабай жатасыз...
+4
Kurbanalieva1991
2021-04-27 22:44:46
Президент болуп шайланганга чейин укмуш убадаларды берди эле,мына эми иштеп жатат кыййййратып. Эл чындап үмүтүн артты эле, аттиң... бул кетиште Мунун да сапары карыйт жакында..
+1
Jaraisyn
2021-04-28 00:17:11
Негатив жазып минус баскандар аман эле болгула. Келечек көрсөтөт кандай болорун. Бүгүнкү күн да өтөт, бирок ал мезгилде күн бүгүнкүдөй кеч болот. Мисалы эле бир сөз, Чубак ажыбыз айткан бир сөз бар чекара боюнча, ал кишинин акылы бизге бул дүйнөдө буюрабы же жокпу күмөн. Ошол киши чекара боюнча сүйлөгөндө баарыбыз макулдаганбыз, мына эми бүгүн ошол иш болуп атса баарыбыз каршы чыктык. Кайсы бир инсандарды малга теңедик. Негизи күнкарама, тупой элбиз. Биздин эртеңибиз күмөн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан