Белгисиз адамдар Ухандагы лабораториянын, Билл Гейтс фондунун жана ДССУнун электрондук почталарын сыр сөздөрү менен кошо интернетке таратып жиберишкен

Белгисиз адамдар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ), Ухандагы вирусология институтунун, Билл Гейтс фондунун жана АКШнын Ден соолук улуттук институтунун 25 миңге жакын электрондук почталарын сыр сөздөрү менен кошо интернетке жарыялаган. Бул тууралуу "Washington Post" жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул ишти кимдер жасаганы белгисиз. Онлайн-экстремизмге каршы күрөшүү уюму бул ишти өз көзөмөлүнө алган.

"SITE" жарыяланган почталардын жана сыр сөздөрдүн жарактуу экенин текшере алган эмес, бирок алар маалымат дем алыш күнү жарыяланганын жана дүйшөмбүдөн тартып жогоруда аталган уюмдардын сайттарын бузуп кирүүгө көптөгөн чабуулдар болгонун айткан.

Ал эми киберкоопсуздук боюнча адис Роберт Порттер жарыяланган маалыматты текшерип көрүүгө үлгүргөнүн жана алар иштеп жаткан почталар болгонун билдирген.

Азыркы убакка чейин бир дагы уюм бул тууралуу эч кандай маалымат тарата элек. Ал эми АКШнын Иликтөө федералдык бюросу (ФБР) комментарий берүүдөн баш тарткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ularbek0691
2020-04-22 14:01:02
Туурале кылат хакерский атака менен билип алабыз дегенго
+4
Agayu
2020-04-22 14:33:57
Билл Гейтс кой терисин жамынган карышкыр!!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан