Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Чек ара боюнча мурункулардын катасын кайталабайлы деп эл менен эсептешип жатабыз" (видео)

Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-апрелде жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп, коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тактоо тууралуу пикири менен бөлүштү.

Ал мындан чек ара маселесин тактоо жабык өтпөй турганын, ага бардык тараптар катыша турганын жана маселе жең ичинде чечилүүсүнө жол берилбей турганына токтолду.

"Негизи бардык өлкөнүн коопсуздугу, бекемдиги бул чек арасынан башталат. Ошондуктан биринчи маселебиз чек араны такташып алалы дегенибиз, эртеңки өлкөнүн келечеги анын бүтүндүгү. Ошондуктан чек араны бүтүрөлү деп аракеттенип жатабыз. Биз кандай болсо да аны тактап, бүтүрүп алышыбыз керек.

Бизге чейин баары жашыруун чечип келген. 30 жылдан бери бийлик жашыруун чечип, ратификациядан өтүп, кол коюлуп, бекип калгандан кийин биздин жер өтүп кетти деп ызылдап жатпайбызбы. Биз мурункулардын катасын кайталабайлы, баарын ачык чечишели, эл менен макулдашып анан зым тор тартышалы деп жатабыз. Негизи баары жашыруун болуш керек эле. Бирок биз эл менен алдын ала эсептешип жатабыз. Бир эле Ташиев барып сүйлөшүп келген менен баары бүтпөйт. Анын чечилүүсү төрт этаптан турат.

Ошондой сүйлөшүүлөр жүргөндө бир жерден берсек, ордуна жер алышыбыз керек. Бирок мындан ары "жерим өтүп кетти" деген ар бир райондун эли менен абалды талкуулап, бардык тараптар менен сүйлөшүп чечебиз. Азыр жөн гана башталышы. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан ары дагы жүргүзөбүз. Эми жергиликтүү элден дагы комиссиянын курамына кошобуз. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы деп жатабыз", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-04-27 09:55:48
Эсептешпей эле озунор келишип берип салып,эми эл которулуп чыкканда анан эсептеше баштадынар.Унчукпай койгондо эл менен эсептешпей эле кете берет эле.Ошол жакка чыккан элге рахмат!
+2
Azat-123
2021-04-27 14:25:37
Садыр Алга!
-2
bond0202
2021-04-27 22:44:32
Ушунун интервюларын чыгарбай эле койгулачы сураныч.окуган сайын кыжырынды келтирет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан