Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы эки баланы тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын үй-бүлөсү менен ооз ачар өткөрдү

Өкмөт башчы Улукбек Марипов эки баланы тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын үй-бүлөсү менен ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу Марипов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Эки баланы тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын абалынан кабар алдым, балдарынын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген.
Ар бир эне, өзгөчө балдар мамлекеттин жана коомдун колдоосуна муктаж. Биз бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, сабырдуу жана сый-урмат мамиледе болушубуз керек. Боорукердик жана мээримдүү мамилебиз биздин адамдык бийик сапатыбызды арттырып, күчтүү кылат. Балдарыңыз оорубасын, алар акылдуу болуп өсүп жана сизди ийгиликтери менен кубандырсын.
Үйдүн кожойкеси өз көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Анын 8 жаштагы кызы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам али мектепке бара элек.
Сонунбү Сатарованын кызы үчүн мектепте окуу маселеси чечилгенин жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара ала тургандыгын айттым, материалдык жана социалдык абалына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жарандары билим алууга бирдей мүмкүнчүлүгү бар.
Ыйык Орозо айында Сонунбу Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар өткөрдүм", - деп жазды өкмөт башчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nur345254
2021-04-27 14:01:37
Урматтуу окмот башчы У Марипов сиздердин ишиниздерге ийгилик каалайм, ар дайым Эл кызматын кылып журобериниздер. Бирок мамлекеттик бала бакчаларды дагы бир иретеп коюнуздарчы.
Ал жакта мыйзамсыз чогултулган акчалар бар, аларды томондогучо:
- тамак ашка ар Бир балага айына 520 сом экен ,бирок Ата энелерден 700 сомдон алышат себебин сурасак кагаз ручка охранага айлык чыгарып беребиз дейт;
- ремонтко акча чоглтушат ар Бир баладан 500 сомдон, канча бала бар канча сом болот,
0
Nur345254
2021-04-27 14:04:23
Nur345254,конул жылытаарлык ремонт дагы болбойт.
-балдарыбызды бала бакчага беруудо гу койгойлорду айтпай эле койсо болот. Электрондук кезек дейт
0
Nur345254
2021-04-27 14:06:26
Nur345254,акча сурайт акча берсен кезегин келип калганын озун дагы сезбей калсын.
0
Nur345254
2021-04-27 14:08:21
Nur345254,Бир баланы мам бала бакчага жайгаштырууа 3000 Ден 5000 сомго чейин сурашат
0
Nur345254
2021-04-27 14:09:58
Nur345254,бала бакчалардакы охраналарга Ата энелер айлык маяна топ-топ бериш керекпи. Окмот жактан каралган эмеспи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан