Бишкекте 69 окуучу коронавирус илдети менен жабыркап жатат

Азыркы учурда 69 окуучу, 24 мугалим коронавирус илдети менен жабыркап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эльмира Иманалиева брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда 14 мектеп карантинге жабылгандыктан окуу процесси онлайн улантылууда.

"Кечээ 4 мектепте карантин чаралары алынып, кайрадан окуу улантыла баштады. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен 29-апрелде карантинге жабылган мектептердин бирин, ал эми 4-майда 8 мектепти ачууну пландап жатабыз.

Эки мектепке чейинки билим берүү мекемеси карантинге жабылган", - деди Эльмира Иманалиева.

Ошондой эле шаардык мэрия жарандарды илдеттен сактануу үчүн бардык санитардык нормаларды так сактоого чакырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-04-27 11:05:33
Кайсы мектепти ачып кайсы мектепти жаап атканы түшүнүксүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан