Республиканын бардык аймактарында 76 убактылуу вакцинация пункттары жайгаштырылды. Бул тууралуу ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 10, Чүй облусунда 9, Ош шаарында 11, Ысык-Көл облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 11, Ош облусунда 9, Нарын облусунда 10, Талас облусунда 5, Баткен облусунда 4 эмдөө пункттары иштөөдө.
Ал эми орусиялык Спутник V вакцинасын Бишкек шаарындагы №2, 6, 7 эмдөө пункттарынан алса болот.