Биз социалдык тармакта

"Сын айтасыңбы, сунуш бер, сунуш бересиңби жаса, жасайсыңбы жооп бер!". Айыл чарба министри "бакырчаак Бакай" тууралуу айтылган сындарга жооп берди

Буга чейин "бакырчаак Бакай" деген каймана атка ээ Бакай Кашкарбаев айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун кеңешчиси болуп дайындалганы маалымдалган.

Белгилүү болгондой, Кашкарбаев коомдук башталыштагы жардамчы болуп, ал милдеттерине 26-апрелден тартып кирише турганы айтылган. Анын министрге кеңешчи болуп дайындалганы социалдык тармактын колдонуучуларынын сын-пикирин жаратып, ар кандай пикирлер айтылган. Бул суроолорго бүгүн, 27-апрелде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков пресс-конференция берип жаткан учурунда токтолуп, Кашкарбаевде көйгөйдү элге жана министрликке жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

"Кеңешчи боюнча, бакырчаактарды эле ала бересиңерби деп жатасыңар. Менин принцибим сын айтасыңбы, сунуш бер, сунуш бересиңби жаса, жасайсыңбы жооп бер! Бизде эмне көп, серепчи көп. Бизде ким көп, сунуш айткандар көп. А жоопкерчиликти моюнга алышыбыз керек да. Мына ошон үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Айыл, суу чарба, аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын 24-ноябрында бекиткен жобосунда коомдук кеңешчи мамлекеттик кызматта иштегени маанилүү эмес экени айтылып турат.

Биз ар бир кыргызстандыктын сунушуна, колдоосуна муктажбыз. Бакай Кашкарбаевдин маселени элге жеткиргенге мүмкүнчүлүгү бар экен. Биз аны эмнеге пайдаланбашыбыз керек? Бир сом акча төлөбөсөк, кабинет бербесек, командировка бербесек, эмнеге болбосун. Биздин саясатты элге жеткириш керек, жериндеги элдин мүдөөсүн мага жеткириш керек. Бүгүн ушул аракеттерди кылуу үчүн чоң аракеттерди кылып жатабыз", - деди министр.

Айыл чарба министри "бакырчаак Бакай" тууралуу айтылган сындарга жооп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JYRT
2021-04-27 12:16:44
Койчу ушул да сөзбү министр айткыдай адам жокпу башка мисал үчүн мөмө жемиш багбанчылык боюнча Абдулла Ташиевич мырза турат ана сага жардамчы консультант болуп берет сонун кеңешин берет билбейм башы иштебеген кыйкырып койсо эле алып келип кызмат берип эле олтуруп калбастан президентке кыйкырып жеткирип турат деп бул сөздү сиз суйлосонуз жолдош министр уят
+4
bond02
2021-04-27 12:20:02
Мына сага азыркы бийликтин жузу.
0
Dembele84
2021-04-27 14:08:12
Бакырчаак эмес окурчоок адам алып келсенер да айыл чарбаны бутуна тургуза албайсынар!Жон эле актана бербей коруноорлук иш кылгылачы коройун.
-1
Zumrudianka
2021-04-27 18:40:50
Элди сындатып эле койсо. Сын айткандар озун эмне кылдын элин учун
0
Rifle_I
2021-04-27 19:23:34
Айыл чарба министри кылып Абдулла Ташиевич келиш керек. Бир ошол киши оңдойт ацыл чарбаны. Ацыл чарба бул мамлекеттин эң кирешелүү тармагы болот эле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан