Биз социалдык тармакта

"Кырктан кийин кайда барам?". Жаш курак, иш тажрыйба... Өлкөдө жумуш издөөдө жолуккан көйгөйлөр

"Мен жогорку окуу жайын 5 жыл окуп, 2019-жылы декабрь айында дипломду колума алдым. Бирок жумуш табуу оңойго турган жок. Бул процесс кыйын болду. Ойдогудай жумуш табылганы менен, бардыгы иш тажрыйбама келип токтоп калып жатты. Кайсы гана жерге барбайын иш тажрыйбаңыз канча жыл деп сурашты. Мен жаңы гана университетти бүтүп жатсам, менде кайдагы тажрыйба болсун деп өзүмө суроо салдым. Интернет желелерине жарыяланган жумуш жарыясы жайгашкан сайттардын бардыгында кеминде 2-3 жылдык иш тажрыйбаны сурашат. Ошентип өз адистигим боюнча ылайыктуу жумушка орношо алган жокмун. Бирок сайттарга резюме калтырып жүрүп, бир нече убакытта гана жумуш таба алдым. Азыркы учурда менчик балдар борборунда мугалим болуп иштеп жатам", - деп билдирди Айпери Бакасова. Бакасова бул жаңы, жаш кадрлар үчүн жумушка орношуудагы дагы бир көйгөйлөрдүн бири деп билерин айтты.

Өлкөбүздө көп маани берилбей келген, бирок кайсы бир учурда кыйыр таасир берип, ойлондура турган жагдайлар бар. Алардын алгачкысы студент окуу жайды бүтүп, колуна жаңы гана диплом алып, жеңин түрүп иштейм деп турган чакта иш тажрыйбасы жок болгондуктан, жумушка орношо албай убаракерчилик тартары анык. Бул көйгөйгө көпчүлүк туш болгонуна карабастан көп маани берилбейт. Анткени көп учурда жумушка орношууда тааныштарга таянууга туура келет.

Жогоруда айтылгандай, диплом алган адис алгач туш болгон кыйынчылыктар бул иш тажрыйбасынын жоктугунан жумуш таба албай, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болот. Дал ушундай бир топ жаштарга Айпери Бакасова мисал боло алат.

Кыргыз өлкөсүндөгү жумуш издегендер менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда көмөкчү болгон сайттар бар. Аталган сайттарга кирип, анда коюлган талаптарды карап чыктык. Алгач эле сайттардагы жарнамалардан жумушка кабыл алууда адамдын жаш курагына дагы көңүл буруларын байкадык. Көпчүлүк жумушка кабыл алууда талаптардын арасынан 18-35 жашка чейинки курактагы адистерге суроо-талап жогору экендигин көрдүк. Демек, 40 жаштан жогорку курактагы адамдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү аз экендигин байкаса болот.

Ал эми коңшу өлкөлөр Орусия жана Казакстан менен салыштырып көрсөк, бир аз айырмачылыктарды байкай алдык. Коңшу өлкөлөрдө иш жарыяларын карап отуруп, анда жаш куракка көп басым жасалбаганын байкоого болот. Ошондой эле иш тажрыйбалар төмөнкү мөөнөттө көрсөтүлгөнүн көрө алдык.

Орусия

Казакстан

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө жумушсуздардын саны

Урматтуу окурман, жумуш издөөдө дагы кандай кыйынчылыктарга туш болгонсуз? Ой-пикириңизди комментарийге жазып толуктасаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Spb
2021-04-28 09:36:15
Мен озум токарный курсту окудум россияда ишке кирейин десем еле 3жыл стаж 4 чу 5 чи разряд деп еле бале болду озум жаны бутуп ученик болупта кирейин десек гражданин рф деп тойгозду уйронгонумду иш кылбай унута баштадым кыргызстанда ондой нерсе корбодум токарга ишке кирип стаж ашырайын десек
+1
Spb
2021-04-28 09:42:03
Токар чпу деген жактан катту кызыгам россияда заводордун биринде иштеп калган елек кыргызстанда ошто курулган машина заводко ишке кирсекпи леп барсак олордода стаж опыт дейт екен ошондо бир фирма же завод ишке албаса же только тааныш билиш болуп ишке кириш керекпи окуганын менен практиканы кылбасан унутасынго уже
+2
Nurtilek82
2021-04-28 10:20:13
Азыркы учурдун талабы таанышын болсо танкасын таанышын болбосо манкасын ананда чонток калын болуш керек.
0
Nurtilek82
2021-04-28 10:24:03
Анан пара берип киргенден кийин ал токтоп калбайт чогултмай отчёт шефтерге жол кире тамак аш дегендей эмне кылыш керек анан озун пара алганга туура келет таанышты киргизиш керек сенин артынды жабыш учун.
+1
Dembele84
2021-04-29 09:54:59
Хотя бы бизде дагы мигрант болуп жургон Озбек,Кытай,таджик,турк ж.б ишчилерге,патент,регистрация,разрешение дегенди кучотушубуз керек.Азыр жыргап эле журушот,особенно озбектер келип алып
+1
Adilet55
2021-04-29 23:23:32
Dembele84,туура айтасыз баарын озубуз башташыбыз керек ишке алуудан мурун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан