Биз социалдык тармакта

"Тезек термей, чырак жакмай абалга түшүп калабыз". Президенттин электр энергиясына болгон баа тууралуу түшүндүрмөсү (видео)

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде жергиликтүү массалык маалымат булагына берген маегинде көпчүлүктүн тынчын алган электр энергиясы тууралуу жаралган түшүнбөстүктөргө түшүндүрмө берди.

Айтымында, бийлик электр энергиясына болгон саясатты өзгөртпөй күтүп отура берген болсо, эмдиги жылы Токтогул ГЭСи электр жарыгын берүүнү токтотушу мүмкүн.

"Электр энергиясы боюнча ар бир кыргызстандык билесиңер, бул 30 жылдан бери келе жаткан көйгөй. Мен кечээ күнү келе калып эле сууну жутуп алып же агызып жиберип, анан кризиске учурап жаткан жок да. Айрыкча акыркы 10 жылдан бери карызды алып келе беришиптир. Ушул электр энергия тармагына жумшайбыз деп же ал жакка жумшалган эмес. Көмөк чордон, линияларыбыздын баарынын таш талканы чыгып, итке минип калган. Ал эми келген акчалар максаттуу жумшалбастан уурдалып кеткен. Азыр коомчулукта "Эмне үчүн мурдагылар уурдап кеткенди эл төлөшү керек, кайтартып, текшерип төктүрбөйсүңөрбү", - деп айтылып жатат.

Аны аныктап чыгыш үчүн 2-3 жыл кетип калат. Ал оңой иш эмес, ким канча акча сарптаган, ким алган, баарын иликтөө керек. Биз тарифти өзгөртпөй алар менен алышып жүрө берсек дагы 3 жылыбызды бекерге өткөрөбүз. Бүгүнкү саясатты өзгөртпөй күтүп отура берген болсок, эмдиги жылы Токтогул ГЭСи электр жарыгын берүүнү токтотот. Анда Кыргыз өлкөсү жарыксыз калат.

Ошондо биз баягы тезек термей, чырак жакмай абалга түшүп калабыз. Биз ошол үчүн тарифтерди өзгөртүп, өзгөрткөндө да элдин жашоо-шартын карайлы деп жатабыз, аны да категория менен карап жатабыз. Биз ССР жоюлуп, 30 жылдан бери капиталисттик өлкөгө айланып кеттик.

Анда сөзсүз байлар, кедейлер, орто жашагандар болот дегендей. Биз ошолорду карап, баарын калыстык менен чечкиле деп жатабыз. Эң негизгиси 700 киловаттан өткөндөн кийинки чектөөлөрдү толук эле алып салгыла деп жатабыз. Эмнеге турмушу начар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып жатабыз? Алар деле байлар менен бирдей тариф төлөп жатат.

Анан байлар хан сарайларында электр энергиясын көп колдонушат. Кедейлер жок дегенде 2 лампочка колдонот, орто жашаган адам 10-15 лампочка колдонот. А эң байлардын базарлары бар, хан сарайлары бар алар миңдеген лампочкаларды колдонушат. Анан сиз кедейсиз токоч, кара чай ичип отурган, сиз деле ошол акчаны төлөп жатасыз, байлар деле ошол акчаны төлөп канча жүз эсе пайда көрүп жатат. Бизде аз камсыз болгон жарандардын эсеби бар. Бүгүнкү күндө 110 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардамдарды берип келе жатабыз. Бирок балким акыркы 4-5 жылдан бери кедейлешип кетиши мүмкүн аны да текшерип, тизмени тактоо керектигин айтып жатабыз. Анан алыскы тоолуу аймактарга 1 сом 4 тыйындан берип туруп, чектөөнү такыр алып салалы деп жатабыз.

Кышында Нарынга барганымда эл "бааны 1 сомго көтөрүп, чектөөнү алып салгыла" деп сунуштаган. Азыр 1 сом 4 тыйынга көтөрүү сунушу болуп жатат. Мунун дагы эл менен кеңешип талкууга алып карайбыз", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2021-04-27 15:57:35
Шайланып жатканда ушул создорду айтпайт белен!Келги чейин тоону омкором деп,эми колдон келбей калганда ар шылтоону суйлобой!
+11
Nur-sultan
2021-04-27 19:33:01
Негизи туру айтат. Ар нерсенин реалдуу баасы болуш керек.
2010-жылкы революция жөн эле пайдасы УӨ мүчөлөрү бийлике келиш үчүн болгон экен да көрсө. Энергетика тармагын киризиске учуратпоо үчүн Бакиев он жыл алдын алган экен. Кайсы бир интервьюсунда, энергетика тармагын сактап калыш үчүн электр энергиясына бааны көтөрүү керек экенин айткан эле.
-6
akmanai
2021-04-27 20:09:41
Биз Кыргызстандын жарандары мамлекетибиз учун чон нерсе жасабасак да кыйын учурда турганда светке кымбатыраак акча толоп, мамлекетибизге жардам берели. Айлык акы аз деп шылтоо кылчулар ата бабаларыбыз эн оор кундодо жашап откон ага салыштырмалуу биз жакшы заманда жашайбыз. Сабыр кылып,ар бирибиз жардам берип,экономикабызды которолу анан жакшы акчага да жетебиз
-6
make2
2021-04-27 20:36:57
Койгулачы бааны которуп мамлекетке жардам беребиз дебей фейктер,биринчи айлык, пенсия пособияларды которгуло анан которгуло
+6
Nur-sultan
2021-04-27 22:07:58
make2,айлык, пенсия, пособияны Садыр Нуркожо атасынан алып төлөбөйт. Айлык, пенсия, пособиялар биз төлөгөн салыктын эсебинен бюджеттен төлөнөт.
-3
akmanai
2021-04-27 22:17:20
Жапаровдун шайлоо алдында коп убада бергени туура эмес болуп калды себеби ал озу канчалык кааласа да элди жыргал жашоого жеткируу учун убакыт керек.Ар ким оз очогуна кул тарта берсе бизге бир да башчы жакпайт. Жабыла жардам кылыш керек. Бул азыркы учурда ото керек
-3
ruslan868600
2021-04-27 22:36:42
700 квт албай эле кайра 1000 кылып жатпайбы,жалганчылар элдин башын айландырып өрдөктөрдү учуруп жатышат...
+3
Bad-boy
2021-04-27 23:36:49
ruslan868600,
1000 да болбойт деп атат.
Чектоону алып салабыз чектоо болбойт деп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан