Социалдык тармакта Кочкор районунда өлтүрүлгөн карышкырды бөлтүрүктөрү эмип жаткан видео тарады. Интернет колдонуучулары карышкырдын атылышын чектен чыккан мыкаачылык деп жазышууда. Анткени видеодо өлүп калган энесин жаңы гана туулган бөлтүрүктөрү эмип жаткан видеосун көрүүгө болот.
Билдирүү жазгандардын айрымдары айбандарга болсо да ырайымдуу мамиле керектигин, бөлтүрүктөрү бар карышкырды атпай эле коюш керектигин жазып калтырышкан.