Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. Жалал-Абадда айрым чектөөлөр кабыл алынды

Жалал-Абад шаарында коронавируска байланыштуу абал күн санап курчуп жаткандыктан бүгүн шаардык штабдын отурумунда бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
1-майдан тартып мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. Болгону 9-11-класттар гана салттуу режимде окууну улантат. Мектеп окуучуларынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталып жаткандыктан калган класстар үчүн онлайн режим кайрадан күчүнө кирет. Ал эми менчик мектептерге рейд жүргүзүлүп, окуучулардын санына жараша чечим кабыл алынат.
Коомдук жайларга болгон текшерүү күчөтүлөт. Тамактануучу, эс алуучу жайлар, кафе-ресторандар, мечиттер тыкыр көзөмөлдөнөт. Алгач санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берилет. Андан соң рейд жүргүзүлүп, талаптарды сактабагандарга чектөө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан