Бишкек шаарынын административдик сотунун алдында Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын тарапташтары митингге чыгышты. Аталган партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилген. Мындай чечимди Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде кабыл алган.
Митингге чыккандардын бири төмөнкүлөргө токтолду.
"Биз биздин соттор адилеттүү болуп калышкан деп ишенебиз. Соттор арасында мурдагыдай башаламандык жок деп үмүт кылабыз. Азыркы президент шайланарда соттор системасындагы башаламандык жоюлат деген. Ошон үчүн биз анын сөздөрүнө жана сотторго ишенебиз. Адилеттүүлүк орнойт", - деди митингдин катышуучусу.
Ал эми бүгүн сотто БШКнын КЭДПны шаардык кеңешке шайлоо жарышынан чыгаруу боюнча чечими каралат.