Биз социалдык тармакта

Депутат: "Саламаттыкты сактоо министри кээ бир депутаттарга телефон чалып кыйкырып жатат"

Депутат Дастан Бекешев саламаттыкты сактоо жан өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү маселесин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министри уу коргошунду ичкенге убакыт таап, парламентке келгенге убактысы жокпу? 24 саат иштеп жатам деп жатат. Бул жакка келип отчёт берсин. Биз өзүбүз дагы күнөлүүбүз. Бул жактан Конституцияны өткөрүп алып, министрлер парламентти сыйлабай калышты. Керек болсо кээ бир депутаттарга чалып кыйкырып жатат. Мен силерди мындай-тигиндей кылам деп. Аны жумуштан кетирүү маселесин карап көрөлү", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-04-28 13:32:17
Алымкадыр жакшы иштеп атат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан