Биз социалдык тармакта

Депутат Икрамов: "Саламаттыкты сактоо министри анчалык асманда жүрбөсүн"

Депутат Тазабек Икрамов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министри вакцина, коронавирустун жаңы түрү боюнча түшүндүрмө берсин деген маселени бир ай мурун көтөргөм. Ал комитет жыйынына келген жок. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыксын дегенбиз бул сунушубуз да өткөн жок. Ушул жерде отурган депутаттарды сыйлоо керек. Туура, аны президент колдоп жатыптыр. Бирок Жогорку Кеңешти сыйлабайбы? Президентке жакын адамдарды көргөнбүз. Буга чейин дагы жакын адамдар болгон. Алар кайда? Министр анчалык асманда жүрбөсүн. Анын кызмат ордун кароо керек", - деди Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-04-28 13:30:55
Алга минстр чимкириктер сүйлөй берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан