19-мартта Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылып, апасы изделип жатканы кабарланган. Андан бери дээрлик 40 күн өтсө дагы наристенин апасы табыла элек.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан баланын апасы табылбай жатканын, аны издөө иштери улантылып жатканын билдиришти.
Белгилей кетсек, ымыркай 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролгон абалда табылып, балдар үйүнө жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 150-берене ("коркунучта калтыруу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.