Бишкек шаарында "Өлкөбүздөгү митингдер элди тажатты" аталышындагы митингдерге каршы митинг өтүп жатат.
Нааразычылык акциясына чыккандар президент Садыр Жапаровду колдоп, анын иштешине убакыт берүү керек экендигин айтышууда. Алар 4-революцияны болтурбоо зарылдыгы дагы кошумчалап өтүштү.
"Баалар көтөрүлүп жатат. Бирок бардык өлкөлөрдө эле баалар көтөрүлүп, жашоо кымбаттап жатат да. Ал эми айлык маянаны көтөрүү боюнча айтып жатабыз. Мамлекеттик бюджетте каражат жок болуп жатса, баарын түшүнүү менен кабыл алсак туура болчудай. Эми биригели да. Саясаттан тажап деле бүттүк. Митингдерден эл тажады", - деди митингге чыккандардын бири.