Биз социалдык тармакта

"Баш мыйзам күчүнө киргенде Садыр Жапаров ким экенин көрөсүңөр!". Бишкекте президентти колдогондордун акциясы өттү (видео)

Бүгүн, 28-апрелде президент Садыр Жапаровду колдогондор акция өткөрүштү. Иш-чара Жеңиш аянтындагы "Өчпөс оттун" жанында уюштурулуп, ага жүзгө чукул адам катышты.

Анда катышкандар башаламан митингдерди өткөрбөй, бир аз күтүп турууну, жыйынтык дароо эле көрүнө калбасын билдиришти. Айтымдарында, Жапаровдун шайланганына бир жарым эле ай болду жана эл ага убакыт берип ишенүүсү керек.

Ошондой эле алар бейөкмөт уюмдарга, чыр чыгарууга себеп издеп тургандарга каршылыгын билдирип, Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын туура деп эсептей турганын айтышты.

"Чукул аранын ичинде баарын Садыр Жапаров жасабай жатат деген - бул утопия, фантазия. Ошон үчүн бир аз күтө тургула, баары болот. Анын үстүнө жаңы Баш мыйзам күчүнө кире элек, ал бекилип, күчүнө киргенде Садыр Жапаров ким экенин көрөсүңөр!", - деди акцияга катышкандардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Aibek_eka
2021-04-28 14:20:06
Ким экени дайын болуп калды уже. Болоор бала богунан.деген макал барго кыргызда болбойт уже болотурган башынан эле билинет Мадумаров айткандай болуп жатат
-5
bayern-munchen
2021-04-28 15:19:18
Aibek_eka,ээ зайбал булбулдай сайраган Мадумаровунун колунан бок келеби
+1
Aibek_eka
2021-04-28 16:27:33
bayern-munchen,садырдыкыдан эмне келди айланасына шакалдарды жыйнап алып элди тоноп жатат
+1
Shabi
2021-04-28 14:38:28
Откондо Ташиевке Кыргыз Эл Баатыры деген наам беребиз деген дагы ушулар болсо керек.
+10
medet1983
2021-04-28 14:51:01
Туура, сабыр кылып туралы туугандар.Сразу эле баары боло калбайт да.Бир эки жыл күтө туруш керек.
+5
modem4999
2021-04-28 14:59:18
medet1983, Бир жарым эле ай болду дейби?
+7
Shabi
2021-04-28 17:12:35
medet1983,ошондо бугунку жуз киши даагы Бир эки жыл кутолук деп чыктыбы же,казиночуларбы
+2
Aybiyke
2021-04-28 15:07:23
Колдобойм дагы колдогон да эмесмин С.Жны башында эле билгем иштей албасын кээде тан калам ушу кыргыз элиме кантип колдошту тушунбойсун
-5
bayern-munchen
2021-04-28 15:20:16
Aybiyke,аа мен сага тан калам Мадумаровду колдогонуна
-2
Simels
2021-04-28 15:09:55
Силердин оюңарча жомоктогудай сүүфф десе эле баары оңолуп кетиш керекпи ? Көч бара-бара түзөлөт!
+4
bayern-munchen
2021-04-28 15:20:31
Simels,туура
+1
Nurik1988
2021-04-28 15:16:45
Эскилерден тазаланмайынча эч качан алдыга жылуу болбойт баардыгы эски уурулар
+2
Kuban-1207
2021-04-28 15:31:40
Садырдан башкасы эч теке кылалбайт.Садыр алга
-2
Jigit25
2021-04-28 15:43:18
7 айда уу коргошундан башка эч нерсе
+1
bond0202
2021-04-28 17:51:00
Jigit25,коп эле иш кылып жатат андан башка да.20автоунаа алып келди жерге алмашып,Раим милионду актап чыгарды,светтин баасын которуп ар областарга казинолорду ачып берем деп аракет кылууда.24 саат уктабай иштеп жатат элим учун деп
+3
akmanai
2021-04-28 18:25:12
Jigit25,Ушинтип жазаардан мурун интернетти бир барактап отсонуз болмок. Сизге окшоп билип билбей эле суйлой бергендер провакация кылышат
-1
Azat-123
2021-04-28 18:04:06
Туура айтат, бей өкмөт уюмдарга, фантазиясы күчтүү лесби гейлерге мен дагы каршымын
0
bond02
2021-04-28 18:52:22
Уу коргошун, казинодон башка эмнени озгортту.
+1
Zumrudianka
2021-04-28 19:24:37
Эн туура Жапаров сыйкырчы эмес 30 жылдык туалетти сыйкырчыда 1 айда тазалай албайт. Сабырдуулукту уйронгуло. Озу Жапапов жумшак болбош кк экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан