Бүгүн, 28-апрледе Ош шаарына "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамы берилди. “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Сыйлык Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго тапшырылганын калаанын мэриясы кабарлады.
Конкурс Кыргыз өлкөсүндөгү БУУнун Балдар Фондунун колдоосу менен Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган.