Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарына 1 жарым миллиондон ашуун түп гүл отургузулду

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузууну башташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул тапта муниципалдык кызматкерлер агератум, сальвиянын бир нече түрүн, тагетелерди, ошондой эле георгина жана цинерарии гүлдөрүн отургузууда.

Белгилей кетсек, быйыл борбор калаадагы гүлзарларда 1 миллион 500 миңден ашык түп бир жылдык гүлдөр гүл ачат.

"Борбор калаада май айына гүлдөрдүн ачык түстөрүнүн гүлдөшүн күтсө болот, жайдын башында шаарда гүлдүн 32 түрү гүлдөйт. Борбор калаадагы гүлзарлардын дизайны гүлдөрдүн композициясына жана көркөм чечимине ылайык иштелип чыккан", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан